Атамбаевдин экс-президент деген макамынын алынышы боюнча Конституциялык палатанын чечими угузулду (видео)

Бүгүн, 24-октябрда Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамынын алынышы боюнча кайрылууну кароону улантат. Бул ишти кароо кечээ, 23-октябрда башталып, анда Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Нурбек Токтакунов тарабынан соттук коллегиянын төрагасын алмаштырууну өтүнгөн. Андан кийин коллегиянын бир мүчөсүн алмаштыруу өтүнүчүн келтирген.

Соттук коллегия төраганы алмаштыруу боюнча өтүнүчтү четке какса, Атамбаевдин макаманын алынышы боюнча Конституциялык палатанын бир бүтүмү чыга электе жалпыга маалымдоо каражаттарына пикир билдирген делген соттук коллегиянын мүчөсү анын курамынан чыгарылган. Бүгүн эртең менен отурум өтүп, соттук коллегия кайра кеңешме залына кирип кеткен. Буга чейин жактоочу бүгүн бул боюнча чечим угузуларын айткан болчу. Бүгүнкү отурумдагы жагдайларды түз эфирден көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан