Депутат Эмил Токтошев: "Аңчылыкка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун өткөргөнгө болушунча аракет кылдык". КҮНСОБОЛ

Кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңеште өлкөдө сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылып, атууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунда 2020-жылдан тарта 2030-жылга чейин өлкөнүн жалпы аймагында аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүү сунушталган. Жыйынтыгында депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошкон жок.

SUPER.KG порталы "Кайберендерге аң уулоого тыюу салуу мыйзам долбоорун парламент депутаттары колдобой коюшту. Депутаттар кыргыздын экологиясын сактоону каалашпайбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев белгилегендей, мыйзам долбоору 4 саат талкууланып, четке кагылды.

"Кечээ биз демилгелеген мыйзам долбоору 4 саат талкууланып, четке кагылып кетти. Көпчүлүк депутаттардын добушу менен мыйзам долбоору өтпөй калды. Биз демилгечилер мыйзам долбоорун өткөргөнгө фактыларды келтирип болушунча аракет кылдык. Биз айтканыбыздан кайтпай, күрөшөбүз", - дейт Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан