Кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңеште өлкөдө сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылып, атууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунда 2020-жылдан тарта 2030-жылга чейин өлкөнүн жалпы аймагында аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүү сунушталган. Жыйынтыгында депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошкон жок.
SUPER.KG порталы "Кайберендерге аң уулоого тыюу салуу мыйзам долбоорун парламент депутаттары колдобой коюшту. Депутаттар кыргыздын экологиясын сактоону каалашпайбы?" деген собол салды.
Депутат Кожобек Рыспаев экологиялык маселелерди чечүүдө каражат жагын дагы караш керек деген пикирде. "Мыйзамды кабыл алсак деле, шарт түзүлбөсө, мыйзамсыз аң улоо улана берет. Бул көйгөйгө карата элдин мамилеси өзгөрүшү керек. Өлкөдө туризмди өнүктүрүү зарыл. Аң улоого туризмдин бир бөлүгү катары, көп эле мамлекеттерде уруксат берилген. Албетте, "Кызыл китепке" кирген же сейрек кездешүүчү жаныбарлардан тышкары. Биздин өлкөгө да көпчүлүк туристтер ушул багытта келип жатканы баарыбызга эле маалым. Бул мыйзам доолборун кабыл алыш үчүн, буга чейин кабыл алынган мызамдарды дагы тууралаш керек болуп калат. Негизи буга чейин деле өкмөт аң улоого мораторий жарыялаган. Анда ар бир аймакта 3 жылдык мөөнөт менен кезектешип жаныбарларды атууга тыюу салынган. Канчалык тыюу салбайлы, каржылык жактан даярдык жок болсо, экология сакталбайт", - деди депутат.