Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты

Бүгүн, 24-октябрда Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы боюнча кайрылууну кароону улантып, чечим чыгарды. Анда Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамынан ажыратылышы мыйзамдуу экендиги угузулду.

Ушул жылдын 27-июнь күнү Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестик макамынан ажыратуу чечимин чыгарган. Андан кийин КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова, Анвар Артыков бул ишти кароо боюнча Конституциялык палатага кайрылуу жөнөтүшкөн.

Конституциялык палата Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан