"Бүгүн, 24-октябрда Конституциялык палатанын Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы боюнча чыгарган чечими бизди канааттандырган жок", - деп КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Жогорку Кеңеш, Башкы прокурорго жаңы милдеттерди жүктөдү деп биз өзүбүздүн аргументтерибизди бергенбиз. Бул милдеттерди жүктөгөнүн жоопкер тарап дагы мойнуна алды. Конституциялык нормада жазылгандай, эгер жаңы милдеттер жүктөлгөн болсо, ал мыйзам артка өткөн мезгилге иштебейт. Бирок ошого карабастан ушундай чечим кабыл алды. Дүйнөлүк практикада дагы мыйзам артка иштебеши айтылган. Бул мыйзам бир эле Атамбаевге эмес президент Сооронбай Жээнбеков деле экс-президент болуп калса ага да иштейт. Чечим жалпысынан бизди канааттандырган жок", - деди Касымбеков.