Депутат Жанар Акаев: "Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышы боюнча Конституциялык палатанын чечими мыйзамсыз болду". КҮНСОБОЛ

7-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган. КСДП Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышы, депутаттык комиссиянын түзүлүшүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага кайрылган. Бул кайрылуу боюнча Конституциялык палатада карап, Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты.

SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын Конституциялык палата мыйзамдуу деп тапты. Конституциялык палата тарыхый чечим жасай алдыбы?" деген собол салды.

Депутат Жанар Акаев Конституциялык палатанын чечими мыйзамсыз болду деген ойдо. "Негизи мен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогондорго да, каршы болгондорго да кошулбайм. Учурда нейтралдуу позициядамын. Бир нече беренелер боюнча кылмыш иши каралып жатат. Эми анын баарын сот чечет. Ал эми Конституциялык палата Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу мыйзамдуу болдубу деген иштин үстүндө сот процессин өткөрдү. Жеке пикиримде, Конституциялык палатанын чечими мыйзамсыз болду. Себеби Атамбаевдин тарапташтарынын келтирген жүйөсүндө кол тийбестикти жокко чыгарган мыйзамга кирген өзгөрүүлөр, Конституцияга каршы келери айтылган. Алардын жүйөсү эске алынган жок", - деди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан