27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган. КСДП Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышы, депутаттык комиссиянын түзүлүшүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага кайрылган. Бул кайрылуу боюнча Конституциялык палатада карап, Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты.
SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын Конституциялык палата мыйзамдуу деп тапты. Конституциялык палата тарыхый чечим жасай алдыбы?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков тарыхый чечим деп айтууга болбой турганын билдирди. "Бул катардагы эле чечим, мыйзам боюнча кабыл алынды. Аны тарыхый деп баалоонун кереги жок. Туура эле чечим чыкты. Жогорку Кеңеште мыйзам кабыл алынып жатканда абдан талкууланган. Менин билишимче, жарым жылдай талкуулап келишип анан кабыл алышкан. Ал жерде күчтүү юристтер бар. Конституцияга туура келеби деп баары учурунда эле изилденген. Менин оюмча, Атамбаевдин тарапташтарынын Конституциялык палатага кайрылышканы саясий кадам болгон. Өздөрү деле юридикалык жактан утуларын түшүнүп турушкан чыгар. Алар туура эмес болуп жатат деп элдин пикирин бурганга аракет кылышты. Конституциялык палата мындай чечим чыгара турганын билишкен", - дейт Талгарбеков.