27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик макамынан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алган. КСДП Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышы, депутаттык комиссиянын түзүлүшүнүн мыйзамдуулугун тактоо үчүн Конституциялык палатага кайрылган. Бул кайрылуу боюнча Конституциялык палатада карап, Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты.
SUPER.KG порталы "Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын Конституциялык палата мыйзамдуу деп тапты. Конституциялык палата тарыхый чечим жасай алдыбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков Конституциялык палатанын чечими канааттандырган жок деген пикирин айтты.
"Тырмакчанын ичинде айтканда, Конституциялык палатанын чечими тарыхый болду. Конституциялык палата мыйзам артка иштей берет деген чечим кабыл алды. Бул туура эмес. Мыйзам Жогорку Кеңеште талкууланганда оюбузду айтканбыз. Мен мыйзамга каршы деп добуш бергем", - дейт Анвар Артыков.