Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда кандуу жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен 3 адам каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн, 25-октябрда саат 16:40 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 44-чакырымында Тойота Камри үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта бара жатып, айдоочу унаасын башкара албай калган. Унаа жолдун четиндеги бетонду сүзгөн. Жол кырсыгынан унаанын айдоочусу, аял киши жана 4-6 жаштагы бала каза болгон.

Унаадагы дагы эки адам жаракат алган.

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2019-10-26 01:28:06
Байкуштарга жаман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан