Депутат: "Бүгүнкү күндө сот-укуктук реформадан улам калыс чечимдер чыгып жатат деген деӊгээлге жете элекпиз"

Бүгүн, 25-октябрда "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган сот-укуктук реформанын алкагында, жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча өкмөттүн, Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин жана Соттор кеңешинин ишмердүүлүгү каралды.

Жыйын жүрүшүндө депутат Алтынбек Жунус уулу сотторго болгон ишенимдин жоголуп жаткандыгын күбөлөндүргөн фактыларга токтолду. Анын айтымында, кабинетинен пара алып кармалып, 12 жылга соттолгон кайсы бир кызматкер 2 жылдан кийин эркиндикке чыгып кеткен. "Ошол эле маалда кошунасынын челегин уурдаган жаран 5 жылга кесилген. Мындай жагдайда элдин нааразычылыгы күчөйт да. Ушул сындуу нааразычылыктарга Жогорку Сот жооп берип турушу зарыл. Жооп бербегенинен улам, сотторго болгон элдин ишеними өтө төмөн. Бүгүнкү күндө сот-укуктук реформадан улам сот жыйындарынан калыс чечимдер чыгып жатат деген деӊгээлге жете элекпиз", - дейт эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан