Финансы министри эл аралык каржы уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Дүйнѳлүк банктын, Эл аралык валюта фондунун, Азия ѳнүктүрүү банкынын, Европа реконструкциялоо жана ѳнүктүрүү банкынын, Ислам ѳнүктүрүү банкынын жана башка эл аралык финансы уюмдарынын жетекчилери менен бир нече маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулардын жүрүшүндө 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган артыкчылыктуу багыттарды ишке ашыруу үчүн финансылык жардамды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар пландалган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Министр ошондой эле Швейцария, Индия, Польша, Латвиянын финансы министрлери жана Орусиянын финансы министринин орун басары менен жолугушуп, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан