Республикалык бюджеттен каржыланган мамлекеттик органдардын жалпы саны 2000ге жакын

Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системи жөнүндө убактылуу жобо бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Учурда автоматташтырылган системге 56 мамлекеттик органдын борбордук аппараты жана Бишкек менен Талас шаардык мэрияларынын аппараты кошулду. 2019-жылдын аягына чейин республика боюнча мекемелерге караштуу бөлүмдөрдү жана аймактык бөлүмдөрдү кошуу пландалууда. 2020-жылдын аягына чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, ар бир айыл өкмөткө чейин автоматташтырылган системге туташтыруу пландалды.

Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы саны 2000ге жакын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан