Быйыл апрель айында Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген. Өткөн аптада Москва шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анда кыргыз тараптан чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай, бул маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында карала турган болду.
SUPER.KG порталы "Орусия Кыргыз өлкөсүнө акча которууга киргизген 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөөнү күчүндө калтырды. Бул ЕАЭБдин экономикалык эмес, саясий максатта түзүлгөнүнүн далилиби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, ЕАЭБден бир гана Орусия утуп жатат. "Акыркы жылдардагы экономикалык изилдөөлөргө таяна турган болсок, ЕАЭБден бир гана Орусия утуп жатат. Бизге окшогон кичинекей өлкөлөр утулуп жатат. Бюджет, салык, бардык жагынан уттура баштадык. Анткени биз кичинекей өлкөбүз. Биримдикке кошулууга даяр эмес болчубуз. Биз Орусия менен атаандаша албайбыз. Ошондуктан биз утулуунун гана үстүндө болуп жатабыз. Орусиядан 100 миң рублга чейин гана акча которуу боюнча чектеп коюу бул ЕАЭБ бир гана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт дегенди түшүндүрөт. Адам акчасын кайсы жакка которгонго өзүнүн укугу болушу керек. Орусия бул укукту чектеп, өздөрүндө гана калтырууга аракет кылып жатат. Ошондуктан бул саясий максатты, бир мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн уюм экенинин далили болуп эсептелет. Биз 2014-жылы биримдикке кирүүгө каршы чыккан саясатчылар бул бир тараптуу гана саясий келишим экенин айтканбыз. Ошонун баары бүгүнкү күндө далилденип жатат", - дейт Жээнбеков.