Депутат Акылбек Жапаров: "Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга чектөө киргизгенде эле Тышкы иштер министрлиги нота жөнөтүшү керек болчу". КҮНСОБОЛ

Быйыл апрель айында Орусиядан Кыргыз мамлекетине акча которууга айына 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөө киргизилген. Өткөн аптада Москва шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышты. Анда кыргыз тараптан чектөөнү алып салуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок эч кандай чечим кабыл алынбай, бул маселе Евразия өкмөт аралык кеңешинин кийинки жыйынында карала турган болду.

SUPER.KG порталы "Орусия Кыргыз өлкөсүнө акча которууга киргизген 100 миң рубль көлөмүндөгү чектөөнү күчүндө калтырды. Бул ЕАЭБдин экономикалык эмес, саясий максатта түзүлгөнүнүн далилиби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров акча которууга чектөө киргизүү туура эмес деген пикирде.

"Орусия күчүнө таянып, өзүнүн кызыкчылыгын көздөй бергени туура эмес саясат. Ошондуктан биз катуу талаптарды коюшубуз шарт. Мындай болбошу керек. Бир тараптуу чектөөлөр такыр болбошу зарыл. Мындан ары маселе чечилбей турган болсо, бул биримдиктен чыгып кеткенибиз туура болот. Мындай чектөөлөр экономикалык биримдиктерге катуу сокку берет. Чектөө киргизилгенде эле Тышкы иштер министрлиги нота жөнөтүшү керек болчу. Азыр президент, премьер-министр дагы бул маселени көтөрүп жатат", - дейт Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан