Депутат Кыргыз мамлекети эгемендикке ээ болгондон бери эл аралык каржы донорлорунан канча гранттык жана насыялык каражат алганын сурады

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Сайдулла Нышанов Кыргыз мамлекети эгемендикке ээ болгондон бери эл аралык каржы донорлорунан канча гранттык жана насыялык каражат алганын сурады. Эл өкүлү каражат кайсы тармактарга көбүрөөк жумшалганына кызыкты.

Экономика министри Санжар Мукамбетов Кыргыз өлкөсү 1991-жылдан бери 2 миллиард 8 миллион доллар гранттык каражат жана 7 миллиард 3 миллион доллар жеңилдетилген насыя алганын айтты. “Өлкөнүн энергетика тармагына 2 миллиард 147 миллион доллар алынган. Негизги көйгөй тариф маселесине барып такалууда. Азыр аны тактоо боюнча ар кандай сунуштар түшүп жатат. Биз оптималдуу вариантын тандап алышыбыз керек”, - деди ал.

Депутат Кыргыз мамлекетинин 124 миллиард сом насыя алганын, анын ичинде энергетика тармагына эле 104 миллиард сом жумшалганын эске салып, азыркыга чейин бул маселе боюнча так көз караш жок экенин белгиледи. “Жарандарыбыз электр энергиясы үчүн 2,16 жана 77 тыйындан төлөп келет. Киреше алуу үчүн бирдиктүү тарифке өтүшүбүз керек”, - деп кошумчалады Сайдулла Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан