Депутат республикалык бюджеттен маданият тармагына каралган 3 пайыздык каржылоо дагы деле толук кандуу ишке ашпай жатканын айтты

Депутат Садык Шер-Нияз жалпы республикалык бюджеттен маданият тармагына каралган 3 пайыздык каржылоо дагы деле толук кандуу ишке ашпай жаткандыгына кайрылды. Бул тууралуу кечээ, 28-октябрда депутат Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Анын айынан маданият, адабият жаатында жаңы жылдыздар жаралбай эле, шагыраган сайдын ташындай саясатчылар арбып жатканы, коңшулардын алдында ыңгайсыз кылууда. Министрлер сооротуучу жооптору менен жомок айтпашы керек", - дейт С.Шер-Нияз.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында бюджет долбоору каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан