Финансы министри: "2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сомго болжолдонуп жатат"

2020-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сомго болжолдонуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында финасы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

"2020-жылы мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 163 миллиард 710 миллион сом суммада каралат. 2019-жылдын бекитилген бюджетине карата кирешелердин номиналдык маанидеги көлөмдөрү 7,9 пайызга же 11 миллиард 948 миллион сомго көбөйөт. 2021-2022-жылдар мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери 164 миллиард 916 миллион сомду жана тийиштүү түрдө 169 миллиард 243 миллион сомду түзөт", - деп айтылат баяндамада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан