Жалал-Абадда жеңил унаа жардан кулап, күйөөсү аялы менен окуя болгон жерден каза болду (фото)

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жеңил унаа жардан кулап кетип, күйөөсү аялы менен каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 28-октябрда саат 10:00 чамасында Ноокен районуна караштуу Бүргөндү-Майлуу-Суу унаа жолунда болгон. Анда Майлуу-Суу шаарынын 63 жаштагы тургуну Т.И. өзүнө таандык Мерседес-Бенц унаасы менен түндүктөн түштүккө карай бара жатып, рулду башкара албай, жардан кулап кеткен.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жана жүргүнчү катары бара жаткан айдоочунун 59 жаштагы аялы Ч.К. каза болгон. Бардык тийиштүү документтер Майлуу-Суу шаардык ички иштер органдарына өткөрүлүп берилген.

Ноокенде унаа жардан кулап, аялы күйөөсү каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
O.dembele
2019-10-30 04:41:05
Түндүк-Туштук дебей эле,Оштон Чуйго Чүйдөн Ошко деп жазсанар,бөлүнбөй эле.
0
muras111211
2019-10-30 15:04:47
O.dembele,түшүнүп түшүнбөйле жазыштын кереги жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан