2017-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары парламентке өтүү үчүн босого чегин 9 пайызга жогорулатууну колдошкон. Эми 9 пайыздык босого чегин 5 пайыз кылып төмөндөтүү сунушталып жатат. Кечээ, 29-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга коюшту.
SUPER.KG порталы "Эки жыл мурда парламентке өтүү үчүн босого чек 9 пайыз болсун деп добуш берген депутаттар кайра 5 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Мындай опурталдуу чечимдерди кабыл алган Жогорку Кеңеш өлкөнү кайда алып барат?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков коомчулук 9 пайыздык босого чеги жогору экенин айтып чыкканда, депутаттар босого чегин төмөндөтүү боюнча демилге көтөрүп чыгышты. "Депутаттар шайлоо жакындаганда эсине келип башташты. Келечекте шайлоо болот. Алардын мүмкүнчүлүктөрү кандай болот? Коомчулук дагы бул маселени көтөрүп чыкты. Босого чеги 9 пайыз болсо, парламентке бир эле партия өтүп калышы мүмкүн. Калган партиялардын пикирлери көчөдө, курултайда айтылып калат. Ошондуктан босого чегин төмөндөтүү зарыл", - дейт Кадырбеков.