Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тариел Жоробеков быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз топтолгонун, мындай абал кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгына алып келер-келбесине кызыкты.
"Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров азырынча суу жетиштүү эле, эч тобокелчилик жок экенин билдирди. "Былтыр суу көп болуп,Өзбекстанга 750 миллион киловатт-саат электр энергиясын экспорттолгон, быйыл электр энергиясы экспорттолбойт. Ал эми Казакстанга июль-август айларында экспорттолгон 270 миллион киловатт-саат электр энергиясы азыр кайтарыла баштады. Азыр анын 182 киловатт-саат келди, жакын арада калган бөлүгү да келет. Казак тарап транзит акысына 56 миллион сом төлөдү", - деди ал.