Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: "Партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш берген туура болот". КҮНСОБОЛ

Депутат Исхак Масалиев жана Жанар Акаев шайлоочу партиянын тизмесиндеги талапкерлерге добуш бериши боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатышат. Бул мыйзам долбоору бир-эки күндүн ичинде коомдук талкууга коюла турганы айтылууда.

SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоодо партиянын тизмесиндеги талапкерге өзүнчө добуш берүү сунушталып жатат. Мындай демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев партияга эле добуш берүү туура болбой жатат деген пикирде.

"Ар бир талапкерге добуш берген туура болот. Партияга добуш бергенде лидер өзү каалаганын, өзү билгенин жасап жатат. Бизге андайдын кереги жок. Партиянын тизмесиндеги талапкерлерге өзүнчө добуш бериш керек. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорун депутаттар колдоп, кабыл алышы керек", - дейт Чолпонбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан