"Супер-Инфо" гезити өлкө башчыдан парламенттик шайлоодогу босого чек маселеси боюнча оюн сурады

Бүгүн, 2-ноябрда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууда президент жетекчилердин коомчулукту кызыктырып жаткан негизги суроолору боюнча да жооп берди.

Анда "Супер-Инфо" гезитинин директору Шайиста Шатманова төмөнкүчө суроо узатты.

- Сиз мындай форматтагы былтыркы жолугушууда өлкөнүн өнүгүү жолун парламенттик башкаруудан көрө турганыңызды айткансыз. Буюрса өлкө парламенттик шайлоонун алдында турат. Андыктан учурда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү босоголук чегинин 9 пайыз болушу көпчүлүктү ойлонтууда. Ачыгын айтканда, мындай чек калса Жогорку Кеңешке бийликтин колдоосу бар гана партиялар өтүп, прогрессивдүү жаңы күчтөр, чыныгы оппозиция борттон сыртта калат. Бул болсо өлкөнү башкаруудагы баланстын бузулушуна алып келет деген чочулоо басымдуу болууда. Тажрыйбалуу саясатчылар босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү керек деп жатышат. Ушул маселеге карата сиздин оюңузду билгибиз келет.

"Парламентке өтүүчү босоголук чек боюнча учурда талкуулар көп болуп жатат. Ооба, 3 пайызга түшүрүү керек дегендер да бар. 5 пайыз дегендер да, 9 пайызды туура дегендер да бар. Азыр парламентте, коомчулукта талкуулар жүрүп жатат. Андыктан мен бул же тигил вариант туура дегеним болбой калат. Дагы убактыбыз бар, көрөлү", - деп жооп берди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан