"Мен Асылбек иним менен сыймыктанам". Президент Жээнбеков ЖМК жетекчилери менен жолугушуусунда дагы эмнелер тууралуу айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда ЖМКлардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуудагы урунттуу суроолорду жана ага карата айтылган жоопторду сунуштайбыз.

- Бир туугандарыңыз, кудаларыңыз, өзгөчө Асылбек Жээнбеков өлкөнү башкаруу иштерине кийлигишип жатат, кландык башкарууга өтүп кетет деген сындар айтылууда. Асылбек Жээнбековдун жана жогоруда айтылган адамдардын сизге таасири канчалык?

- Менин бир туугандарым боюнча маселе аябай талкууда. Негизи, эл дагы анын ичинде мен дагы үй-бүлөлүк башкаруудан коркуп калгам. Бирок мындай болбойт. Иса Өмүркулов президенттик шайлоодо менин ишенимдүү өкүлүм болгон эле. Ал шайлоочулар менен жолугушууда "үй-бүлөлүк башкаруу болот деп коркпогула, баласы кичине, ал чоңойгуча Жээнбековдун президенттик мөөнөтү бүтөт" деп айткан. Чын эле, уулум кичине, 5-класста окуйт.
Бир туугандарга келсек, атам менен апама рахмат, баарыбызды жогорку окуу жайларында окутту. Иним Асылбек тууралуу да талкуулар көп болуп келе жатат. Ал мен президент болгонго чейин эле депутат, андан кийин спикер болду, аны менен сыймыктанам. Бирок бизде ушундай жазылбаган мыйзам бар, бири-бирибизге кийлигишпейбиз. Туугандарым иштерге аралашып жаткан фактылар болсо айткыла, чара көрөм. Кландык башкарууну болтурбайм, андай болбойт.

- Кадрлар маселеси жана кайсы кадрыңыз менен сыймыктанып, кимди реформатор деп эсептейсиз?

- Реформатор деп бирөөнү бөлүп көрсөтө албайм. Антип айтуу да туура эмес болот. Анткени реформа бул коллективдик иш. Анын үстүнөн өкмөт да, президенттик аппарат да, жалпы эле мамлекеттик түзүмдөр иштеп жатышат.

- Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап кетүү, андагы күч түзүмдөрүнүн иш-аракети, жоопкерчиликти кимдер тартышы керек?

- Алмазбек Атамбаевди күч менен кармап кетүүгө мен буйрук берген эмесмин. Ал тергөөгө күбө катары келип, сурак бериши керек эле. Өзүңөр билгендей, тергөөчүлөрдүн бир нече жолку чакыруусуна жооп болбоду. Анан тергөөчү күч менен алып келүү чечимине келиптир. Азыр бул маселе боюнча комиссия иштеп жатат. Парламентте талкуу болду. Дагы болот. Андыктан тигил же бул күнөөлүү, жоопкерчиликти тартыш керек деп айтуу туура эмес болуп калат.

- Президенттик мөөнөттү узартасызбы же мураскер даярдайсызбы?

- Андай оюм жок.

-Бишкек ЖЭБин жаңылоо, ага байланыштуу камакка алынгандар тууралуу...

- Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо иши боюнча кармалгандар тууралуу АКШ саясий куугунтук деп мүнөздөп жатат. Аны өзүңөр деле окудуңар да. "Эгер бир эле проект менен силердин жылдык бюджеттин 5 пайызын уурдап кетишсе эмне кылат элеңер?",- деп суроо салдым. Алар унчукпай калышты.
Негизи, бул маселени парламент көтөрдү, карады, иликтеди, талкууга койду, анан чечимдерди чыгарып, мамлекеттик органдарга тийиштүү тапшырмаларды берди. Мамлекеттик органдар ошол тапшырмалардын негизинде иштеп баштады.
- Конституциялык сот Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик макамынан ажыратылышын мыйзамдуу деп тапты. ИИМ менен УКМК аны күч менен Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетишти. Эртең мени дагы ушундай тагдыр күтөт деп чочулабайсызбы?
- Конституциялык соттун чечимин аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Мен түшүнүп турам, эртең менде да ушундай окуя болушу мүмкүн экенин. Эртең менде да мындай болбосу үчүн 6 жылдык президенттик мөөнөттө таза иштегенге аракет кылам. Мыйзамды бузган иш кылса, кылмыш кылса эртең жооп берерин ар бир адам билиши керек. Бизде кол тийбестер болбошу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан