КҮНСОБОЛ: "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы? Каныбек Осмоналиев: "Президенттин күчтүү оппозиция бар деп айтканын таң калуу менен кабыл алдым"

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Анда мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинде кыйын, күчтүү оппозиция бар экенин айтты. "Жарандык коом күчтүү, оппозиция өнүккөн. Демократияга коркунуч жок", - деп билдирген президент.

SUPER.KG порталы "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев өлкөдө конструктивдүү, радикалдык оппозиция жоктугун билдирди.

"Баш көтөрүп, өздөрүнүн пикирлерин айткандардын бардыгы катуу көзөмөлгө алына баштады. Эл саясаттан тажап бүттү. Эки революциядан кийин элдин турмушу оңолуп кеттиби? Эч нерсе болгон жок. Элге баары бир болгондой болуп калды.

Президенттин "бизде күчтүү оппозиция бар" деген сөзүн мен таң калуу менен кабыл алдым. Бизде оппозиция жок. Көпчүлүк саясатчылар адилет сөздөрүн айтпай жатат", - дейт Каныбек Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан