Экс-депутат Жылдызкан Жолдошева: "Оппозициялык маанайдагы күчтүү саясатчылар бар. Бирок мурункудай радикалдуу оппозиция жок". КҮНСОБОЛ

Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Анда мамлекет башчы Кыргыз мамлекетинде күчтүү оппозиция бар экенин айтты. "Жарандык коом күчтүү, оппозиция өнүккөн. Демократияга коркунуч жок", - деп билдирген президент.

SUPER.KG порталы "Башка эч жерде жок күчтүү оппозициябыз бар". Президент Сооронбай Жээнбеков айткан күчтүү оппозиция учурда барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова оппозициялык маанайдагы күчтүү саясатчылар бар экенин айтты.

"Азыркы бийликтин туура эмес жагын көрсөтүп айта алган саясатчылар бар. Бирок мурункудай радикалдуу оппозиция жок. Коомчулук талап кылган маселесин бийлик өз убагында чечпесе, анда радикалдуу оппозиция пайда болушу мүмкүн. Мисалы, Садыр Жапаровду бошотуу боюнча коомчулук, күчтүү саясатчылар суранып жатышат. Ушул маселени президент карап коюушу керек. Ошондой эле Курсан Асановго карата куугунтук токтотулушу зарыл", - дейт Жолдошова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан