"Жүктү кароо үчүн жаңы орнотулган стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс Бажы кызматынын ишин ыкчамдатууга жана анын ачык болуусуна шарт түзөт", - деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда жайгашкан "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышуу маалында айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча "Жол картаны" жүзөгө ашыруунун алкагында Орусия тарап "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пункттарды материалдык-техникалык жабдууга, модернизациялоого 127 миллион доллар бөлгөн.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев учурда модернизациялоо иштери аягына чыкканын жана жаңы жабдуулар ишке даяр экенин айтты.
"Орнотулган системди ноябрь айынын аягында ишке берүү пландалды. Учурда ар бир өлкө рыноктогу орун үчүн күрөшүүдө. Бул кадыресе эле көрүнүш. Жүк ташуучулар алып келген жүктү текшерүү системин жакшыртуу маанилүү милдеттердин бири. Биздин өлкөнүн ЕАЭБдин стандарттарына жооп берген заманбап текшерүү системине өтүүсү, бул бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүп жатканыбызды айтып турат", – деп белгиледи өкмөт башчы.
Премьер-министр "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайындагы бажы жана чек ара кызматтарынын иши менен таанышты.