Президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты. Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жана өлкөнүн жарандарынын жол жана коомдук коопсуздугун жогорулатуу чаралары талкууланды.
Президент жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо алгачкы практикалык жыйынтыктарын бергенин канааттануу менен белгиледи. Бишкек шаарынын эки районунда пилоттук тартипте Патрулдук милиция иштей баштады.
Мамлекет башчысы эксперттик жумушчу топко аткарылган жумуш үчүн ыраазычылык билдирди. Патрулдук милиция системиндеги бош орундарга ачык-айкын конкурс өткөрүп, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо зарылдыгына көңүл бурду.
"Пилоттук долбоордун алкагында жаңы бөлүмдүн кызматкерлерин, анын ичинде катардагы жарандардын арасынан тандоо тажрыйбасы жакшы жолго коюлуп калды. Коомчулук конкурстун ачык-айкын өтүп жатышынан эч кандай күмөн санабашы керек. Жарандар патрулдук милиционерлерге ишенип, зарыл учурда алардан коргоо издеши керек", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов Патрулдук милициянын ишмердиги "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу менен тыгыз байланышта болорун билдирди.