КҮНСОБОЛ: Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча облустарга лимит киргизди. Бул маал-маалы менен өчүрүүгө кайтуубу? Расул Умбеталиев: "Өкмөттүн кыш мезгилине даярбыз дегени калп деп эсептейм"

Бардык аймактарга электр энергияны пайдалануу боюнча лимит коюлат. Токтомдо өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алышсын деп жазылган.

SUPER.KG порталы "Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча облустарга лимит киргизди. Бул маал-маалы менен өчүрүүгө кайтуубу?" деген собол салды.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев учурда айылдарда, шаарларда электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын айтты. "Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "кыш мезгилине 100 пайыз даярбыз" деп айтып, эми лимит киргизип жатышат. Чектөө киргизилип, азыркы учурда айылдарда, шаарларда электр энергия өчүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө суук болуп, кар жаап жатса да электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Кыш мезгилинде лимитти сактоо үчүн толук кандуу өчүрүүлөр болот. Өкмөттүн кыш мезгилине 100 пайыз даярбыз дегени калп деп эсептейм", - дейт Умбеталиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан