Бардык аймактарга электр энергияны пайдалануу боюнча лимит коюлат. Токтомдо өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө контролго алышсын деп жазылган.
SUPER.KG порталы "Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча облустарга лимит киргизди. Бул маал-маалы менен өчүрүүгө кайтуубу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбосун деп алдын ала чара көрүлүшү керектигин айтты.
"Быйыл Токтогул суу сактагычында былтыркыга салыштырмалуу суунун көлөмү 2 миллиард метр кубга төмөн болуп жатат. Суунун көлөмү апрель айында эң төмөн болсо, октябрь айында эң жогору болуп эсептелет. Апрелге карата 11 миллиард метр куб суу калат деген божомолдор бар. Суу аз болсо быйыл эмес, эмки жылы өтө оор абал болушу мүмкүн. Өкмөт алдын ала чара көрүп ушундай кадамга барып жатабы деген ой келип жатат. Электр энергияны маал-маалы менен өчүрүүлөр болбош үчүн азыртадан эсептөө керек", - дейт Аалы Карашев.