Энергетика боюнча эксперт Сапарбек Аргынбаев: "Электр энергияны пайдалануу боюнча лимит тартипке келтирүү үчүн киргизилет". КҮНСОБОЛ

Бардык аймактарга электр энергияны пайдалануу боюнча лимит коюлат. Токтомдо өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү тарабынан электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө контролго алышсын деп жазылган.

SUPER.KG порталы "Өкмөт электр энергиясын колдонуу боюнча облустарга лимит киргизди. Бул маал-маалы менен өчүрүүгө кайтуубу?" деген собол салды.

Энергетика боюнча эксперт Сапарбек Аргынбаев электр энергияны пайдалануу боюнча лимит мурдатан бери эле киргизилип келгенин айтты.

"Бул электр энергиясын пайдалануучуларды тартипке салат. Маал-маалы менен өчүрүү деле болбойт. Бул мурдатан бери эле киргизилип келинген. Мында электр энергиясын колдонуунун эсеби эсептелет", - дейт Аргынбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан