"Ары барчы". Депутаттын оройлугу талкууга түштү

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаевдин журналистке берген жообу коомчулуктун талкуусуна түштү. Клооп.кж басылмасынын журналисти "Ата-Түрк" сейил багындагы жер тилкелери боюнча материал даярдап, Турсунбаевден да жооп алуу аракетин көрүшкөн. Эл өкүлүнүн журналистке жооп берип жатканы видеого тартылган. Анда журналист: "Сиз сейил бактагы жер тилкени мыйзамсыз алгансыз да, бул боюнча кандай комментарий бере аласыз?", - деген суроону узаткан.

Видеодон Азизбек Турсунбаевдин журналистке жооп берүүнү каалабай баратканы көрүнөт. Андан кийин ал "Ары барчы" деп айткан.

Азизбек Турсунбаев 24.кж сайтына берген комментарийинде журналисттен кечирим суроого даяр экенин айтты. Айтымында, ал жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлүн таарынтайын деген эмес.

"Мен сыртка чыгып, кирип жумуштар менен жүргөм. Ошол учурда ал мага келип, өзүн тааныштырбай, учурашпай эле жер тилкеси боюнча суроо берди. Мен шашып жатып "Ой, күтө тургула, анан" дегем. Эгер мен ага катуу айткан болсом же катачылык кетирсем кечирим суроого даярмын", - деген эл өкүлү.

Ал эми Клооп.кж басылмасынын сураган жер тилкеси боюнча: "Менин ал жакта 2005-жылдан бери эч нерсем жок. Текшерип көрсөңөр болот", - деп айткан.

"Ары барчы". Депутаттын журналистке жообу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан