"Бажыдагы бардык процедуралардын ачыктыгы гана коррупциянын тобокелчиликтерин төмөндөтөт" дейт өкмөт башчы

"Бажыдагы бардык процедуралардын ачыктыгы гана коррупциянын тобокелчиликтерин төмөндөтөт", - деп 6-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө жайынын ишке берилген инспектордук-кароо комплексине барган учурда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, премьер-министрге бир жүк ташуучу унааны 199 секундада текшерген инспектордук-кароо комплекстин иши тааныштырылды.

Өкмөт башчы Кытай менен чектешкен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө жайынын ата мекендик экономикадагы гана эмес, Евразиялык экономикалык биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн экономикасындагы ордунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Коррупциялык тобокелчилик жогору болгон орган катары, көбүнесе товарларды каттоонун тиешелүү тутумунун жана ачыктык механизминин жоктугуна байланыштуу бажы кызматынын баркы калыптанып калган. Бүгүн биз борборлоштурулуп автоматташтырылган көзөмөлдөө системи коррупциянын тобокелчиликтерин четтетип, онлайн режиминдеги бардык процедуралардын ачыктыгын жана тунуктугун камсыз кыларын көрдүк. Бул өзгөчө бажылык тариздөө убагында укуктары көп учурда корголбой калган ишкерлер үчүн маанилүү. Модернизациялоо товарларды декларациялоонун анык эместигине, бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдөгү ылдамдыктын төмөндүгүнө, ошондой эле коррупциянын тобокелдиктерине байланыштуу маселелерди четтетүүнү шарттайт", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы көзөмөл-өткөрүү жайынын модернизациялоого берген жардам үчүн Орусиянын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бажы инфраструктурасы чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтын жогорку деңгээлде экенинин ырастап турарын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан