КҮНСОБОЛ: Жыл ичинде 14 майрам белгиленет. Кыргыз өлкөсүнө ушунча көп эс алуу күндөрү керекпи? Мирлан Бакиров: "Кээ бир майрамдарды бириктирип белгилесе туура болот"

Кыргыз өлкөсүндө эртеңден баштап төрт күн катары менен эс алуу күнү болот. Соңку эки жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз өлкөсүндө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Коомчулукта Кыргыз мамлекетинде майрам күндөрү көп экени сынга алынып келет.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жыл ичинде 14 майрам белгиленет. Кыргыз өлкөсүнө ушунча көп эс алуу күндөрү керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров кайсы майрам ашыкча болуп жатканын талкуулоо керектигин айтты. "СССР убагынан бери белгиленип келе жаткан майрамдар бар. Эгемендүүлүктү алгандан кийин эгемен мамлекет катары белгиленип калган майрамдар да бар. Албетте, майрамдын болуп турганы жакшы, бирок жыл ичинде бизге 14 майрам көптүк кылат. Кээ бир майрамдарды бириктирип белгилесе туура болот.

Мусулман калк болгондон кийин Курман айт сыяктуу майрамдарыбыз дагы бар. Ашыкча майрамдарды талкуулашыбыз керек. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде эс алуу күндөр көп болуп калган учурлар болот", - дейт Мирлан Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан