Депутат Рыскелди Момбеков: "Календарда кызыл менен белгиленген 14 күн мамлекет үчүн көптүк деле кылбайт". КҮНСОБОЛ

Кыргыз өлкөсүндө эртеңден баштап төрт күн катары менен эс алуу күнү болот. Соңку эки жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз өлкөсүндө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Коомчулукта Кыргыз мамлекетинде майрам күндөрү көп экени сынга алынып келет.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жыл ичинде 14 майрам белгиленет. Кыргыз өлкөсүнө ушунча көп эс алуу күндөрү керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков мааниси жок майрамдардын бардыгы алынып салынганын айтты.

"Менин оюмча, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан календарда кызыл менен белгиленген күндөрдүн макамы бар. Ошондуктан бул нерсени туура эле деп эсептейм. Мааниси жок майрамдардын бардыгы алынып салынган. Азыркы күндөгү календарда кызыл менен белгиленген 14 күн мамлекет үчүн көптүк деле кылбайт", - дейт Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан