Кыргыз өлкөсүндө эртеңден баштап төрт күн катары менен эс алуу күнү болот. Соңку эки жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз өлкөсүндө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Коомчулукта Кыргыз мамлекетинде майрам күндөрү көп экени сынга алынып келет.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жыл ичинде 14 майрам белгиленет. Кыргыз өлкөсүнө ушунча көп эс алуу күндөрү керекпи?" деген собол салды.
Саясат таануучу Игорь Шестаков учурда өлкөнүн оор социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен майрамдардын санын кыскартуу керек деген пикирде.
“Бул майрамдар, эс алуу күндөр мамлекеттик мекемелерде иштегендерге гана тиешелүү. Себеби бизнес жана жеке сектор майрамсыз жана дем алышсыз иштейт. Карапайым калктын майрамдар менен иши да жок, алар эптеп жашашы керек, ошол себептен тынымсыз иштөөгө туура келет.
Учурдагы өлкөнүн оор социалдык-экономикалык абалын эске алуу менен майрамдардын санын кыскартуу зарыл. Себеби бул нерсенин баары мамлекеттин өнүгүүсүнө, мамлекеттик мекемелердин ишмердүүлүгүнө эч кандай оң таасирин бербейт.
Советтер Союзу маалында 5-6 эле майрам болгон, Жаңы жылды белгилөөгө 1-январь күнү эле берилчү, андан сырткары 7-ноябрь, 1-май, 8-Март эле белгиленчү. Ал эми учурда биздин майрамдай тургандай себептерибиз деле жок. Ооба, майрам болсун, бирок ал күндү кызыл кылып эс алып жатып албай мамлекеттик мекемелердин баары, мамлекет өзү иштеши керек. Учурдагы 60-70 пайыз майрамдарды жоюп салса деле болот. Жаңы жылды, Конституция күнүн, Эгемендүүлүк күнүн, Ноорузду белгилеп, 15 майрамдын ичинен беш-алтоону гана калтырып койсо болот. Азыркы абалыбыз менен аткаминерлердин баары майрамсыз, дем алышсыз иштеши керек", - дейт Шестаков.