Кыргыз өлкөсүндө эртеңден баштап төрт күн катары менен эс алуу күнү болот. Соңку эки жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз өлкөсүндө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Коомчулукта Кыргыз мамлекетинде майрам күндөрү көп экени сынга алынып келет.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жыл ичинде 14 майрам белгиленет. Кыргыз өлкөсүнө ушунча көп эс алуу күндөрү керекпи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөгө саясий майрамдар эмес үй-бүлө менен майрамдала турган майрамдар керек деген пикирде.
“Эгер ачык айта турган болсом, биздин өлкөдө саясий майрамдар көп. Ал майрамдарды эч ким үй-бүлөсү менен отуруп деле майрамдабайт. Саясий майрамдар бул 23-февраль, 1-май, 31-август, эми ага 7-8-ноябрь да кошулду. Мисалы, Жаңы жыл үй-бүлө менен белгиленчү майрам, аны көптөр күтөт.
Мен 2016-жылы мыйзам долбоорун сунуштагам, анда 5-май, 23-февралды жана 7-ноябрды жоюп, үй-бүлөлүк майрамдарды киргизели деп сунуштагам. Мисалы, Энелер күнү деп, аны баары үй-бүлөлөрү менен белгилешмек. Бирок 2017-жылы бул мыйзам долбоорун экинчи окууда кароодо "болбойт" дешип 7-8-ноябрды эс алуу күн деп жарыялып өзгөртүп салышкан”, - дейт Бекешев.