Кыргыз өлкөсүндө эртеңден баштап төрт күн катары менен эс алуу күнү болот. Соңку эки жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз өлкөсүндө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет. Коомчулукта Кыргыз мамлекетинде майрам күндөрү көп экени сынга алынып келет.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Жыл ичинде 14 майрам белгиленет. Кыргыз өлкөсүнө ушунча көп эс алуу күндөрү керекпи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бул майрамдарды белгилөө керек, бирок анын айрымдары элди агартуу максатын көздөшү керек деген ойдо.
"Жыл ичинде 14 майрамды белгилөө экономикалык кесепеттерге алып келет. Бул нерсе ишканалардан баштап мамлекеттик бюджетке чейин таасир этет.
Ооба, ал майрамдарды белгилөө керек, бирок майрамдардын айрымдары элди агартуу максатын көздөгөн иш-чаралар менен коштолушу керек деген ойдомун", - дейт Жээнчороев.