Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда статистикалык комитеттин адистери тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлдү. Толуктап иштелип чыккан соң бул тиркеме Ысык-Көл районунун Кум-Бел айыл аймагында кошумча тестирлөөдөн өттү", - дейт Боронов.
2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалыматтарды уккан биринчи вице-премьер-министр Бишкек шаардык мэриясынын өз административдик-аймактык чегин тактоо боюнча ишинин жетишсиздигин белгиледи.
"Бир нече жолку эскертүүлөргө карабастан, Бишкек мэриясы борбор калаанын административдик-аймактык чегин алигиче тактай элек. Эгерде жалпы республика боюнча аты бериле элек көчөлөрдүн үлүшү 0,9 пайызды, номуру жок үйлөр (батирлер) 3,6 пайызды түзсө, Бишкек шаары боюнча бул көрсөткүчтөр 11,7 жана 30,8 пайыз болуп саналат. Өзгөчө белгилеп айтып коёюн, калкты жана турак жай фондун каттоо - бул жөн гана статистикалык маалыматтарды топтоо эмес. Бул мамлекеттик мааниге ээ иш-чара. Каттоонун жыйынтыктары өлкө калкынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган улуттук программаларды иштеп чыгууну шарттайт", - деп белгиледи ал.
Жыйындын жүрүшүндө республикалык комиссиянын мүчөлөрүнө 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдыктардын жана пландын аткарылышы тууралуу маалымат берилди.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга 2020-жылы калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоо тапшырылды.
Кезектеги калкты жана турак жай фондун каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин өтөт.
Республиканын калкын каттоо уюлдук байланыш технологияларын пайдалануу менен өтөрү пландалууда.