Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды.
Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, президенттин жана өкмөттүн аппарат кызматкерлери 1916-жылдагы коогалаңда курман болгондорду эскерүү мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту.
Ошондой эле 2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюлуп, куран окулду.