Премьер-министр: "2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого 916 миллион сом каралган"

2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого 916 миллион сом каралган. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор 2021-жылга жылдырылган.

“Шайлоо – бул өлкө үчүн негизги саясий окуя. Биз шайлоого 916 миллион сомду сарптоону пландап жатабыз, балким, анын өлчөмү 1 миллиардга жетет. Ошондой эле 2020-жылы калкты каттоо жүрөт, ага 191 миллион сом каралган”, - деди Абылгазиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан