Акыркы 5 жыл аралыгында өлкөдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 10 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
"Бүгүнкү күндө 18 жашка чейинки 31 миң 800 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ошондо акыркы 5 жыл аралыгында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны 29 пайыздан 31 пайызга көбөйдү", - деди Кочкоров.
Буга депутат Тариэл Жоробеков: "Эмне себептен бизде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны көбөйүп кетти?", - деп суроо узатты.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев: "Балдардын генетикалык ооруларын алдын алуу боюнча неонаталдык скрининг деген программаны ишке киргизгенбиз. Негизи майыптардын көбү генетикалык оорулардан улам болууда. Энелердин көбү өз убагында дарыгерге көрүнүшпөйт. Учурда балдардын ден соолугу боюнча да атайын программа иштелүүдө. 2020-жылдан баштап атайын программанын негизинде алардын санын азайтуу каралган. Динамикалык түрдө баланын жана эненин өлүмү азайды. Эне жана баланы коргоо борборунда атайын лабораторияда 8 миңге жакын адам изилденип, 17 бала алдын ала дарылоого коюлду", - деди ал.