Депутат: "Коррупцияны жалаң эле жазалоо жолу менен жоё албайбыз"

Коррупцияны биз жалаң эле жазалоо жолу менен жоё албайбыз, - деп бүгүн, 11-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кеңейтилген отурумунда депутат Руслан Казакбаев билдирди.

"Элдин ишеними өспөй жатат, чоң маселелердин бири коррупция. Кыргыз өлкөсүндөгү коррупциялык деңгээл кандай деген сурамжылоодо "жакшырды" деп 7-10 пайыз, "артка кетти" деп 36-38 пайыз, "ордунда турат" деп 50 пайыз жооп берген.

"Кыргыз өлкөсүндө коррупция менен ким күрөшүп жатат?" деген сурамжылоого 45-48 пайыз - "президент", 5-7 пайыз - "коррупцияга каршы агенттик", 3-5 пайыз - "каржы кызматы жана башка органдар", 24-28 пайыз - "эч ким күрөшкөн жок" деп жооп берген. Ал жерде өкмөт дагы бар болчу бирок өкмөт деп эч ким айткан жок. Коррупцияны биз жалаң эле жазалоо жолу менен жоё албайбыз, аны менен кошо ЖМКлар аркылуу идеологиялык иштерди да жүргүзүү керек", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан