Мындан эки күн мурун Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганы маалым болду. Анда айыл өкмөтүнөн тургундар өз каалоосу менен көчөгө Бакиевдин ысымын ыйгарып алганы айтылган. Буга чейин Бишкек шаарынын чет жакасындагы жаңы конуштардын бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы да коомчулуктун талкуусун жараткан.
SUPER.KG порталы "Молдомуса Конгантиевден кийин Курманбек Бакиевдин ысымы көчөгө ыйгарылды. Апрель окуясында 90дой азаматтын каны жөн эле төгүлдү беле?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бир дагы көчөгө кылмышкердин ысымы ыйгарылбашы керек деген ойдо.
"Курманбек Бакиев атындагы көчө тууралуу айта турган болсом, бул өтө жаман көрүнүш. 7-апрелде каза болгон баатырлар анда эмне менен күрөшүштү? Көчөлөр Конгантиев же Бакиев деп аталышы үчүнбү? Өкүнүчтүү. Мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керек. Апрель баатырларынын эрдигин унутпайлы.
Бул маселе боюнча башкы прокурорго Рахманжан айылдык кеңешинин чечимин жокко чыгаруу боюнча кат жолдойм. Кыргыз өлкөсүндө бир дагы көчө кылмышкердин атынан аталбашы керек. Ушундай боло берсе коомчулукта бөлүнүү башталат.
Тилекке каршы, мыйзамда соттолгон кишинин ысымын ыйгаруу боюнча каралган эмес экен. Бирок коомчулукта ушундай резонанстуу окуяларга тиешеси бар адамдардын ысымын ыйгаруу туура эмес көрүнүш. Башкы прокуратура айылдык кеңештерге түшүндүрмөлөрдү берсе жакшы болмок. Учурда коомчулук тарабынан бийликке ошол эле Жогорку Кеңешке, өкмөткө, президентке эле сөз тийип жатат", - дейт Бекешев.