Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулдук кызматынан бошотулган Эркин Сопоковдун өмүр баяны

Бүгүн, 12-ноябрда Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан бошотулду.

Эркин Сопоков 1967-жылы 20-мартта Баткен облусунун Кадамжай районунда туулган.

1984-жылы "Кадамжай" совхозунда жумушчу катары иштеп баштаган. 1985-1989-жылдары "Кыргызстандын 60 жылдыгы" совхозунда айдоочу.

1989-1991-жылдары Пүлгөн мал союучу пунктунда от жагуу жагын тейлөөчүнүн жардамчысы.

1995-жылы Ташкент Ислам институтун аяктаган. 2002-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин жана 2005-жылы Москва укук жана ишкердүүлүк институтунун Бишкектеги филиалын бүтүргөн.

1998-2002-жылдары "Автомаш" акционердик коомунда айдоочу. Бул кезде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу болгондугу айтылат.

2002-2005-жылдары Ички иштер министрлигинде иштеген.

2006-2007-жылдары Ысык-Ата, Чүй облусундагы Салык инспекциясынын жетекчисинин орун басары, 2007-жылы Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча Салык жана салык чогултуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары. 2008-2009-жылдары Салык инспекциясынын Чүй облусунун Жайыл району боюнча жетекчиси, Салык инспекциясынын Ош шаары боюнча жетекчиси.

2010-2012-жылдары Мамлекеттик салык инспекциясынын төрагасынын орун басары.

2012-2013-жылдары Президент жана өкмөттүн иш башкаруучусунун орун басары.

2017-жылы "Мамлекеттик резиденция №1" мамлекеттик мекеменин директору.

2017-жылдан ушул күнгө чейин Кыргыз өлкөсүнүн Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан