КҮНСОБОЛ: Жогорку Кеңеште мандатын тапшырган аялдын ордуна аял депутат болуп келүүсүн колдоо керекпи? Депутат Никитенко: "Парламент бир же бир нече топтун кызыкчылыгы менен эле чектелбеши керек"

2020-жылдан тарта парламентте аял депутаттын ордуна аял келиши керек деген норма киргизилгени турат. Бул аялдардын өкүлчүлүгү 30 пайыздан кем эмес болушу керек деген норма. Учурда бул норма аялдар арасында колдоо таап, коомчулукта кызуу талкууланууда.

SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеште мандатын тапшырган аялдын ордуна гендердик теңчиликти колдоо максатында аял депутат болуп келсин деп жатышат. Бул демилгени колдоо керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко бул норманын ишке ашуусун келе жаткан жылы өтө турган шайлоодо көрөбүз деген пикирде.

"Бул мыйзамдын нормасына ылайык, 2020-жылдан тарта ар бир төртүнчү же үчүнчү талапкер аял киши болушу керек. Бул мыйзамдын ишке киришин биз 2020-жылы боло турган шайлоодо көрүшүбүз керек. Кеткен аялдын ордуна депутат болуп аял келиши керек деген норманы колдойм.

Парламент - бул башкаруучу орган, демек ал бир же бир нече топтун кызыкчылыгы менен эле чектелбеши керек. Ар кандай топтор болушу керек, ошондой болгон учурда гана алар эффективдүү жумуш көрсөтө алат.

Бизде тилекке каршы, 30 пайыздык квотага карабастан, акыркы жылдары аялдарды партиялык тизмеден сүрүп чыгаруу байкалууда. Партия шайлоодон өткөн соң, аялдарды тизмеден чыгарып салышууда. Бул жагдай мыйзамда жазылган эмес.

Мындай көрүнүш биздин чакырылыштагы бир нече партияларда да бар, анда аялдар өтө аз же такыр эле жок.

Аял киши кетип жатса анын ордуна тизмедеги кийинки аял келет деген норма туура деген ойдомун. Өлкөнү ала турган болсок, анын 52 пайызын аялдар түзөт, анан эмне себептен алар парламентте болбошу керек?

Анын үстүнө аялдар эффективдүү иш алып барат, алар социалдык эле маселелерди эмес, башка көптөгөн маселелерди да көтөрүүдө. Менимче, биз бар норманы колдошубуз керек”, - дейт Никитенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан