Кыргыздын кыйырына комуз өнөрү менен таанылган чебер комузчу Нурзат Орозалиева оорудан улам 10-ноябрда каза болду. Ал комуз черткенден сырткары, алып баруучу, окутуучу болуп дагы эмгектенип келген. Нурзат Орозалиева “Сезимдеги толгоо”, “Боз салкын” жана башка бир топ элге сиңимдүү күүлөрдүн автору. Кесиптештери жана санаалаш достору комузчуну оор басырыктуу көрүнгөнү менен эрке мүнөз, шайыр жүргөн керемет инсан болгонун айтып эскеришти.
Маркум менен Кыргыз улуттук консерваториясында чогуу иштеген Кыргыз Республикасынын эл артисти Улукмырза Полотов Нурзат Орозалиева талант жагынан дагы, адамдык асыл сапаты жагынан дагы мактоого, алкоого татыктуу жан болгонун айтты. Ал комузчунун өмүрү кыска экенин айтып, каңырыгы түтөп турду. "Орозалиеванын көзү тирүү болуп, ичер суусу түгөнбөгөн болсо, таңшыган керемет күүлөрдүн далайын чыгармак", - деди Улукмырза Полотов.
Нурзат Орозалиеваны кесиптеши, керемет күүлөрү менен таанылган комузчу Асылбек Насирдинов комузчу менен Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында чогуу иштеп, анын өзгөчө шайыр мүнөзү менен эсте калганын эскерди. Ал чыгармачыл адамдардын баарынын эле өзүнүн жеке көз карашы боло бербесин айтат.
"Мени чоң сахнага биринчи жолу Асанкан Жумакматов агай алып келген. Чоң сахнадан Нурзат Орозалиеваны Самара Токтакунованын окуучусу катары алгачкы жолу көргөм. Ошондон бери сахналаш болуп чогуу жүрүп, кийин иштегенде дагы кесиптеш катары бирге иштедик. Нурзат эже бардык жагынан айырмаланып турчу. Күүлөрдү черткенде дагы жаңыча өзүнүн жеке көз карашы бар болчу. Анткени чыгармачыл адамдардын көбүнүн эле жеке өзүнө тиешелүү көз карашы боло бербейт", - деди Асылбек Насирдинов.
"Нурзат Орозалиева комуз өнөрүнүн бийик тепкичке чыгышына салым кошкондордун бири. Анткени ал ЭлТР телеканалы аркылуу комузчулардын майрамын белгилеп, жеке өзү канчалаган комуз күүлөрүн жаздырып, жаш комузчуларды көпчүлүккө алып чыгып, комузчулар өссө, талантар өссө деп жан үрөп эмгек кылып келди", - деп эскерди кесиптеши Аида Шекенова.
Ал кесиптешин ооруп жүргөнүн эч кимге билдирбей, дартын даттанбай, боюн түзөп жүрүп, өтүп кеткенин көзүнө жаш алуу менен айтып берди.
Маркумдун санаалаш эжеси Сагын Мусаеванын айтымында, күүчү соңку жылдары оору менен алышып жүргөн. Бирок ал ооруганын эч кимге билдирбей, кыргыз маданияты үчүн жан үрөп иштеп, аракетинен тайган эмес. "Орозалиеванын эмгектери эч качан жерде калбай, түбөлүк сакталып муундан-муунга санжыра катары өтөт", - дейт Мусаева.
Нурзат Орозалиева 1975-жылы 27-октябрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда жарык дүйнөгө келген. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин, Кыргыз өлкөсүнүн президентинин ардак грамотасын алган. Жакындарынын жана кесиптештеринин айтымында, Нурзат Орозалиева залалдуу шишик дартына беш жыл мурда кабылган. Комузчунун дарылануусу натыйжалуу болуп, ооруну ал жеңип чыккан.
Аталган оору кайра 2018-жылы козголуп, Орозалиева бул дарт менен күрөшүп келген. Тилекке каршы, таланттуу комузчу дарттын кесепетинен 44 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Комузчунун артында 12 жаштагы кызы калды. Маркумдун сөөгү бүгүн, 12-ноябрда кичи мекени Ат-Башы районунда жерге берилди.