"Өлкөдө маселе абдан көп, жоопкерчилик кайда?" деп бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.
"Урматтуу кесиптештер, өкмөткө кайрылуу жасадыңар, алар келгени менен баягы эле отчёт, эч нерсе чечилбейт. Мен коалициянын башчысы Иса Өмуркуловго кайрылат элем, бул сиздердин өкмөт. Адам өлүмү катталып жатат, жоопкерчилик кайда? Бюджет толбой жатат, жоопкерчилик кайда? Жасалма паспорттор чыгып жатат, көмүрдүн баасы өсүп жатат, жоопкерчилик кайда? Электр энергиясына болгон бааны өзгөртөбүз деп жатасыңар. Маселе абдан көп. Бул өкмөттү өзүңөр коалицияда карап, отставкага кетиргиле же башка коалиция куралы", - деди депутат.
Мындан сырткары, эл өкүлү маанилүү маселелер түштөн кийинкиге коюлуп жатканына нааразычылыгын билдирди.
"Акыркы учурларда эсептөө палатанын, улуттук банктын отчёту түштөн кийинкиге коюлуп жатат. Олуттуу маселелердин баары түштөн кийинкиге коюлган. Уят да, мындай маселелерди депутаттардын маанайы жакшы, күчү толо кезде коюу керек", - деди.