"Жыл башынан бери катталган кылмыштардын саны былтыркы жылга салыштырмалуу өстү", - деп бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
"Өлкө боюнча 9 ай аралыгында ички иштер органдарында жалпы 113 миң 30 кылмыш жана жоруктар катталган. Анын ичинен 57 миң 740 кылмыш түзгөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 37 миң 330 кылмышка көбүрөөк катталгандыгын билдирет. Кылмыштардын ичинен 1 миң 65и оор жана өтө оор кылмыштар. Анын ичинен өтө оор кылмыш 95 факт, киши өлтүрүү 134 факт, ден соолукка атайлап залал келтирүү 156 факт, жабырлануучунун өлүмүнө алып келген учурлар боюнча 28 факт катталган. Кылмыштардын жана жоруктардын санынын көбөйгөнү бул жаңы кодекстердин негизинде киргизилген жоруктардын негизинде", - деди Жунушалиев.