Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык фракциялардын лидерлери өлкөдө кылмыштуулуктун саны өсүп жатканын айтып, өкмөттү сынга алышты. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өкмөт отставкага кетип, жаңы коалиция түзүлүшү керектигин билдирди. Ал өлкөдө көйгөйлөр абдан көп, жоопкерчилик жок болуп жатканын белгиледи.
SUPER.KG порталы "Оппозициялык фракциялардын лидерлери өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылышты. Өкмөттү отставкага кетирүүгө азыр негиз барбы?" деген собол салды.
Саясатчы Адахан Мадумаров өкмөт ката кетирсе, аны кураган Жогорку Кеңеш да жооп бериши керек деген пикирде.
"Жогорку Кеңеш бул өкмөттүн курамын кураганда эле ката кетирген. Өкмөт өзүнүн бир жарым жылга жакын мезгилдеги ишинде эмне деген маскаралыктар, эмне деген чуулгандуу окуялар болду. Маалымат каражаттары өкмөт башчысынын туугандары кызматка коюлуп жатат деп жазып жатышты. Кызматка коюлган адамдын адискөйлүгү, чебердиги, тажрыйбасы жетпестен, уят болгон канча учурлар болду. Мына ушул учурлардын ар бири боюнча өкмөттү кетирүүгө толук түрдө жүйөлүү себептер толтура болчу. Өкмөт башчы коомчулукта, саясий элитанын ичинде кадыр-баркка ээ болгон инсан болушу керек. Бул өкмөт кетирген катага өздөрү гана жооп бербестен, ушул өкмөттү кураган Жогорку Кеңеш да жооп бериши шарт. Бул силердин өкмөт деп бири-бирине шылтап отурбастан, бардык депутаттар жооп бериши керек. 5 жылдын ичинде канча өкмөт куралса, алардын кетирген катасына Жогорку Кеңеш толук түрдө жооп бериши зарыл", - дейт Мадумаров.