2018-жылы салыктан 2 миллиард 500 миллион сом, бажыдан 1 миллиард 800 миллион сом көлөмүндөгү каражат түшкөн

2018-жылы өлкөнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайызды түзүп, пландагы салыктык көрсөткүчкө салыштырмалуу 2 миллиард 500 миллион сом, бажыдан 1 миллиард 800 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

Жогорку Кеӊеште 2018-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт угузулган.

"Өткөн жылы бажы алымы 14 пайызга, ал эми салыктык киреше 7 пайызга өскөн. Быйыл дагы салык көлөмү 10 пайызга чейин өсөт деп турабыз. Бул ички дүӊ өнүмдүн өсүшүнө караганда жогору. 2018-жылы айрым тармактар боюнча бюджеттик план аткарылбай калган. Мисалы, түз инвестиция тартуу планы 76 пайызга гана аткарылган, бул маселе өкмөттүн жыйынында каралып, бир катар министрликтер менен мекемелерге тийиштүү чаралар көрүлгөн", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан